Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-июлда С.М. аттуу жаран ушул жылдын май айында алдоо жолу менен Lexus ES250 автоунаасын 18 миң 500 долларга сатып алам деп ошол бойдон из жашырган Т.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Октябрь РИИБинин шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.