Мароккодо өтө турган эл аралык кинофестивалдын конкурстук программасына эки кыргыз тасмасы тандалып алынды. Бул тууралуу "Айтыш Фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” көркөм фильми жана Элдияр Мадакимдин “Сальвадор Дали” кыска метраждуу тасмасы Рабат шаарында өткөн 26-эл аралык автордук кинофестивалынын сынагына кирген.
Фестиваль 2021-жылдын 21-30-октябрында өтөт.