Ырчы Нияз Абдыразаковдун "Сага жете албайм" аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Шахназар Бөрүкуловго таандык, ал эми обонун ырчы өзү жазган. Нияздын жаңы ыры Казакстандагы студиялардын биринде жазылган. Нияз : “Сага жете албайм” ырымдын сөзү башка бирөөгө таандык болгондуктан, ыр менин жашоомдон алынган эмес. Сиздер менен бөлүшө турган дагы бир жаңылыгым, жакында “Сүйүү сезимдери” аттуу ырыма Орусиядан клип тартууга даярдык көрүп жатам” –дейт.