Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү боюнча комиссиялык экспертизанын корутундусу чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн өлүмү боюнча материалдар Чүй ОИИББинин тергөө кызматы тарабынан 138-берене (денеге оор залал келтирүү, натыйжада байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген) менен кылмыш иши ачылган.
Комиссиялык экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, Игорь Якуниндин өлүмүнүн себеби көкүрөккө болгон соккунун натыйжасында жүрөгү рефлектордук токтоп калган. Сотко чейинки иликтөө иши уланууда.
Эскерте кетсек, 1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.