Биз социалдык тармакта

Эмдөөнү коомчулукка жайылтуу үчүн 1 миллион 400 миң сомго блогерлер жалданбай калды

Буга чейин республикалык иммундук профилактика борбору полиомиелитке каршы вакцина менен эмдөөнү социалдык тармактар ​​жана пабликтер аркылуу коомчулукка жайылтуу үчүн блогерлерди 1 миллион 400 миң сомго жалдай турганы кабарланган.

Талкууга алынган маалымат боюнча, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, бул демилге ишке ашпарын билдирди.

"1 миллион 500 миң сомдук "блогердик кызматтарды" сатып алууга тендер жарыялангандыгы белгилүү болгондон кийин, аны жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Менимче бул бюджеттин акчасын сарамжалсыз сарптоо. Тендер өткөн жок.

Активдүү жарандар борборго бекер жардам берүү каалоосун билдиришкенине кубанычтамын", - деп жазган Бакашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2021-09-29 11:35:40
Без толковый адамдардын далбаевский идеясы болгон экен ит урук блогер сатып алмай.Азыр тукурсон блогерге тийет.
+3
XATSAN125
2021-09-29 11:48:48
Блогер кыргызча которсон УШАКЧЫ КАТЫН болуп которулат.Кунуңөр ушакчы катындарга тушуп калса демек калганы олгон экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан