Түркияда акын Жолон Мамытовду эскерүү кечеси өттү

28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Атахан Кожогулов билдирди.

Маалыматка ылайык, адабий кечеге акындын жубайы, Эл акыны Меңди Мамазаирова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, өлкөбүздүн жаш акындары жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты.

"Жолон агабыздын 80 жылдыгына карата Стамбул шаарында адабият күндөрү башталды. Кеченин алкагында акындын сүрөттөр көргөзмөсү өттү. Кечеде Жолон Мамытовдун ырлары окулуп, анын замандаштары жана ырлары тууралуу илимий изилдөө жазган түркиялык илимпоздор сөз сүйлөштү.

Маданий иш-чара Түрксой эл аралык уюму, Түрк кеңеши, Жолон Мамытов фонду жана шаардык маданият бирикмеси тарабынан уюштурулду. Иш-чара үч күнгө созулат", - деп билдирди Кожогулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан