Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралып жатат.
Депутаттар анын парламент жыйынына келип, кызматтан кетүү себебин айтышы керектигин билдиришти.
Ал жыйынга келип, депутаттар эмнеге кызматтан кетип жатканы тууралуу суроо беришкенде баяндама жасоону суранды. Учурда ал Улуттук банктын аткарган иштери тууралуу баяндама жасап жатат.