Нарын облусунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы авариялык абалда деп табылган мектепте окуучулар билим алышууда. Окуучулардын коопсуздугуна ким кепилдик берет деген суроону Билим берүү жана илим министрлигине узаттык.
"Ушул жылдын 11-июнунда биз ошол мектепке барып көрүп кеткенбиз. Коопсуздук жагына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик жооп берет. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнүн мазмунуна, сапатына жана башка жооп берет", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.
Ал эми Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева аталган мектептин ордуна жаңысын куруу үчүн тиешелүү кызматтарга кайрылып жатканын айтып өттү.
"Былтыр аталган мектептин окуучулары толук эле онлайн билим алышкан. 9-класстын жана 11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамен бергени үчүн гана атайын даярдалган үйдө окушкан. Онлайн деп аталганы менен ал айылда интернет жакшы тартпайт. Эгер азыр биз аларды онлайн окууга таратып жиберген болсок, анда эч кандай сабак болбойт. Окуучулардын билим деңгээли төмөн болуп калат. Аким тарабынан мектепте окутуу иштери улансын деген чечим чыгарылган.
Жаңы мектеп боюнча тийиштүү кызматтарге каттарды жөнөтүп жатабыз. Мамлекеттик бюджеттен акча которулбаганы үчүн жаңы мектептин имараты пайдубалы куюлган бойдон токтоп турат. Бирок болгон аракетти көрүп жатабыз.
Мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө болот. Анткени жаңы имарат үчүн көп суммадагы каражат керектелет. Ал эми оңдоп-түзөө иштери үчүн 5 жарым миллион сом болсо, оңдоо иштери аткарылып калмак", - деп билдирди акимдин орун басары
Маалымат үчүн:
Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну кайрылып, Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан. Ошондой эле мектептин имараты кулап калбашы үчүн дубалдарга тирөөчтөр тирелип турган сүрөттөрүн жөнөткөн.
Ак-Кудук айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна курула турган жаңы мектепке мамлекет тарабынан эки миллион сом бөлүнүп, учурда пайдубалы гана курулган.
Аталган мектеп 2014-жылы ноябрь айында комиссия тарабынан авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бул мектеп 1971-жылы курулган. Мектеп курама жыгачтан курулуп, спорт залы жок, 6 окуу класстан турат. Учурда 150 окуучу окуйт, 20 мугалим, 6 кенже тейлөөчү кызматкер иштейт.