Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралып жатат.
Депутат Саматбек Ибраев: "Толкунбек Абдыгулов менен келишпеген пикирлер айтылды. Кыргызда жакшы сөз бар кеткен кишини эч качан жамандабайт деген. Мен Толкунбек Абдыгуловго ийгиликтерди гана каалайм. Мындан кийин иштешкенге даярмын. Бүгүнкү күндө 7 жыл аралыгындагы Улуттук банктын ишине аудит жасашыбыз керек. Депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Кийин бул сыяктуу ката кетирбөө үчүн ушундай кадамга барышыбыз зарыл", - дейт.
Абдыгулов: "Рахмат сизге. Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин этика болот. Мен сизди эч качан жамандаган эмесмин. Эртеңден баштап эркин адам болом, айтчу сөздөрүм бар. Мен деле айтам. Сиздин ишиңизге ийгилик", - деди.