Милиция кызматкери Күмүшай Орозкулова Москвада өткөн каратэ-до боюнча дүйнөлүк кубоктон олжолуу кайтты

Москва шаарында өткөн спорттун каратэ-до түрү боюнча дүйнөлүк Кубокто милиция кызматкери 2-орунду ээледи. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чара 18-19-сентябрь күндөрү өткөн.

Сынакка дүйнөнүн булуң-бурчунан келген каратэ-до спортунун алдыңкылары, мыктылары ат салышты. Өзүнүн шамдагайлыгы, жеңишке болгон чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында көптүн арасынан суурулуп, 2-орунду багындырган спортчу ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 2-взводунун милиция кызматкери, улук сержант Күмүшай Орозкулова болду.

Кыргыз милициясынын аброюн арттырган кызматкер сынакка катышуусу тууралуу буларга токтолду.

"Ар бир спортчу сынакка барар алдында көз алдына жеңилген эмес, жеңгендеги кубанычын, сыйланып жаткандагы сыймыктуу көз ирмемдерин элестетип, кыялдана берет эмеспи. Менин да көз алдыма сынак алдында дал ушундай кыялдар тартылды. Кыялдарды орундатуу максатында сынактын тандоо туруна катышып, жолдомо алгандан кийин тынымсыз даярдык көрө баштадым. Ал эми 15-августтан баштап башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаев менен күчөтүлгөн тартипте күнүнө эки маалдан машыгуу өткөрүп жаттык. Убакыттан пайдаланып менин машыгуума шарт түзүп, жумуштан убактылуу уруксат баргени үчүн "Шумкар" полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобековго, мага убактысын коротуп күнү-түнү машыктырган, ийгилик жаратышыма ишенип, колдоо көрсөткөн башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаевге жана ар дайым сынакка барарда мага каржылык жактан колдоо көрсөткөн жалпы кесиптештериме чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем", - деп кубанычтуу сезимдери менен бөлүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан