* 7-ноябрда "Кыргыз киносу" кинотеатрында режиссёр Адилет Акматовдун "Алдамчы Jackie" аттуу комедия жанрындагы тасмасынын премьерасы болот. Кино 2013-жылы тартылган. Башкы ролдорго Адилет Акматов, Зияш, Саят Исембаев тартылган. Узактыгы 100 мүнөт.
* 7-ноябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драм театрда Султан Раевдин "Оо, кыздар" аттуу социалдык драмасы коюлат. Башталашы 18:00дө.
* 7-ноябрда "Манас" кинотеатрында "Тор 2: Царство тьмы" аттуу көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Башталашы 12:40та. Баасы 120-160 сом.
* 7-ноябрда "Октябрь" кинотеатрында "Советник" тасмасы көрсөтүлөт. Башталашы 10:00дө. Баасы 80-220 сом. Тарткан өлкө: Америка, Улуу Британия. Тасмада жаш юрист Майкл Фассбендердин баңги-бизнесине аралашып көрүүнү чечип, бирок ал жактан чыгууга жол таппай айласы кеткендиги чагылдырылат.