"УКМК Саматбек Ибраевдин үйүндө жашап жүргөн орусиялык Владимир Фролов боюнча карап чыгышы керек", - деп бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.
"Толкунбек Абдыгулов боюнча Саматбек Ибраев каршы пиар кампания жүргүздү. Фролов деген Орусиядан келген шылуун анын үйүндө жашап жүрдү. Ал кандай маалымат берди. УКМК текшериши керек. Эртең өлкөдө бир нерсе болсо Ибраев күнөөлүү. Фролов деген ким деп УКМК Орусияга суроо-талап жөнөтсүн. Себеби Кыргыз өлкөсү акыркы убакта кыйын кырдаалда жашадык. Ошондо жалгыз Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттемелерин толук аткарды", - дейт ал.
Депутат Саматбек Ибраев: "УКМКга, ИИМге протоколдук тапшырма берели. Ушул маселеге чекит коёлу", - дейт.