Алматыдагы ок атуу: 5 адамдын өмүрү кыйылган үйдүн тагдыры белгилүү болду

Алматы шаарынын тургуну Игорь Дужнов үй талаштын айынан 5 адамды атып салган үй боюнча соттун чечими өзгөрө элек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, бул үйдөн адамдарды чыгаруу чечимин азырынча эч ким жокко чыгара элек. Ошондуктан бул документ дагы эле күчүндө. 20-сентябрда болгон трагедиялуу окуяга байланыштуу үйдөн чыгаруу иши башка сот аткаруучуга өткөрүлүпп берилген.

"Бул сот приставы бардыгын толугу менен кайра баштайт жана улантат. Башкача айтканда, аткаруу процедурасы уланат. Бирок бул жерде биз укуктук мураскер келгенге чейин күтөбүз. Булар доогердин, башкача айтканда, маркумдун жакын туугандары", - деген Алматы шаарынын жеке сот аткаруучулар палатасынын башчысынын орун басары Руслан Исаев.

Азыр бул үйдө 5 адамды аткан Игорь Дужновдун үй-бүлөсү жашайт. Аларды көчүрүү кыштын башталышына байланыштуу да создуктурулушу мүмкүн. Себеби суук мезгилде адамдарды үйдөн чыгарууга мыйзам жол бербейт.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 17:00 чамасында Алматынын Алатау районундагы Акбулак кичи районунда менчик үйлөрдүн бирин көчүрүү боюнча соттун чечимин аткаруу учурунда 1967-жылы туулган үйдүн жашоочусу агрессия көрсөтүп, полиция кызматкерлерине, Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлерине ок чыгарган. Анын кесепетинен эки полиция кызматкери, соттун өкүмүн аткаруучу жана эки тургун, анын ичинде үйдүн жаңы кожоюну каза болгон. Кылмышкер үйдө аялдар жана балдар болгон үчүн курал колдонулбастан атайын күчтөрдүн катышуусу менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан