Молдовалык "Шериф" футболдук клубунун өзбекстандык чабуулчусу Жасурбек Яхшибоев Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы "Реал Мадрид" клубуна каршы оюнда гол жаратты.
Яхшибоев оюндун биринчи бөлүгүнүн 25-мүнөтүндө башы менен дарбазага таамай сокку узатып, эсеп санын ачкан. Анын бул голу "Шериф" клубуна тарыхый жеңишти алып келди. Себеби "Шериф" 2:1 эсебинде жеңишке жетип, тайпада биринчи орунга чыкты.
Өзбекстан курама командасынын чабуулчусу Жасурбек Яхшибоев 2021-жылдын августунда "Шериф" футболдук клубунун оюнчусу болгон. Буга чейин ал Беларустун "Шахтер" клубунда ойноп келген.