Унаасын атайылап чимирилткендерге, жарышка түшкөн айдоочуларга канча айып пул салынары белгилүү болду
Унаасын чимирилтип, жарандардын тынчтыгын бузуп, жол эрежесин бузгандар айыпка жыгылат. Бул туурасында Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Маалыматка караганда, 124-беренеге (авто бейбаштык) ылайык, башкача айтканда, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын демонстрациялык түрдө бузган, жол эрежелерин бузуу менен коштолгон транспорттук каражаттардын айдоочулары атайылап жасаган аракети үчүн (авто жарыш, белгисиз жерлерде ар кандай типтеги демонстрациялык айдоо жана башкалар) 4-категориядагы айыпка жыгылат. Айып пул 7500 сомду түзөрү айтылат билдирүүдө.