"Искусствонун бир түрү". Данияда сүрөтчү музей берген буйрутманы аткарбастан акчаны алып качып кетти

Даниянын Ольборг шаарында Йенс Хаанинг аттуу сүрөтчү Заманбап искусство музейи менен келишим түзүп, аткара турган иши үчүн төлөнгөн 84 миң долларды алып качып кетти. Бул жоругун ал искусствонун бир түрү деп атаган. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, заманбап искусство музейи сүрөтчү менен келишим түзгөн, келишимдин шарты боюнча ал буга чейин өзү жараткан эки сүрөттү көргөзмө үчүн жаңы вариантта иштеп чыгып, чыныгы акчалар менен кооздошу керек болгон.

Бирок сүрөтчү музейге акчалар менен кооздолгон сүрөттүн ордуна бош рамаларды жиберип, астына "акчаны ал да кач" деп жазып койгон. Буга таң калган музей кызматкерлери сүрөтчү менен байланышканда, ал бул жоругу анын эмгегине аз акы төлөнгөнү үчүн жооп болгонун айткан.

"Акчаны алганымдын өзү эле искусство. Бул уурулук эмес, бул келишимди бузуу, ал эми келишимди бузуу - иштин бир бөлүгү. Эмгеги бааланбаган, оор шарттарда иштеген, керек болсо ишке баруу үчүн өз чөнтөгүнөн акча короткон адамдарды да ушундай жолго барууга чакырам. Акчаны алып качып кеткиле!", - деген Йенс Хаанинг.
Ошондой эле акчаны кайтарып берүү ою жок экенин айткан, ал эми музей анын бош рамаларын көргөзмөгө коюуну чечкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirnar
2021-09-29 20:31:10
Эми уурулук, алдамчылыкда искусствонун бир туру болуп калса, олгоно экен маданият.
+1
Erlan_95
2021-09-29 23:08:21
Байкуш биздин суротчулор аран 300$ алышат((
0
Aimani
2021-09-30 00:02:19
Бул музейдин рекламасы окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан