Бүгүн, 29-сентябрь күнү саат 13:46да Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Саат 13:46да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак, Михайловка, Сары-Булак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.