Биз социалдык тармакта

Пандемиянын гимни аталган музыка жаңырып... Ак халатчандардын бий аркылуу эмдөөгө чакырган видеосу чыкты

Кыргыз медицина кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө флешмоб аркылуу чакырык таштады. Ак халатчандардын дүйнөлүк флешмобго катышкан бийи социалдык тармакка жарыяланды. Андан дарыгерлердин Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Курманжан Датканын эстелигинин алдында жана медициналык жайлардын имараттарында массалык түрдө бийлегенин көрүүгө болот.

Өмүр сакчылары COVID-19 пандемиясынын гимни аталган "Jerusalema" ырына бийлешкен. Дарыгерлер муну менен жарандарды эмдөөгө активдүү катышууга чакырышат.

Калктын коллективдүү иммунитетин калыптандыруу үчүн республиканын 70 пайыз калкы, тагыраагы 2 миллион 400 миң жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Вакцинациялоо республика боюнча акысыз жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ala.too.456
2021-09-29 16:38:46
Уууув, эми вакцина алаам..)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан