Казакстанда таксист 1 жарым миллион теңгесин унутуп кеткен аялдын акчасын кайтарып берди

Алматылык 23 жаштагы таксист 1 миллион 500 миң теңге жана алтын буюмдарын таксиде унутуп кеткен улгайган аялга кайтарып берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда алматылык Бекарыс Алимнур эки улгайган аялды үйүнө жеткирген. Кийинчерээк жигит жүргүнчүлөрдүн чоң суммадагы акчасы жана баалуу зер буюмдары бар чемоданын унутуп кетишкенин байкаган.

"1 миллион 500 миң теңге жана алтын буюмдар бар болчу. Чемодандын ээсин 11 күн издедим. Жыйынтыгында мен аны таап, бүгүн эртең менен кайтарып бердим. Менимче, мындай окуяга туш болгон ар бир нормалдуу адам муну жасаса, биздин өлкөнүн келечеги кең болот. Ата-энем дагы акчаны кайтаруу керектигин айтышты", - деген 23 жаштагы жигит.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akjol18
2021-09-29 18:57:48
Тарбия үйдөн,ата-энеден жакшы болгон экен.
Азамат,баурдас.
+10
Ernisbii
2021-09-29 19:42:57
Эң туура эмне жасасак дагы Ата Эненин тарбиясын унутпашыбыз керек.
+7
Patirot
2021-09-29 20:35:53
Сомго канча болуп калат
0
rysik79
2021-09-30 07:48:49
Биздин сомго 270 миң болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан