Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев "бул мыйзамда экономикабызга кандай пайда болот?" деп суроо берди.
Жыйында “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыков мыйзам долбоору аткезчиликти азайтуу жана уурулукту жок кылууга багытталган.
Депутат: "Матраимовдун системасын жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга өткөрүп салдык. Ошондой болуп калбайбы", - деп сурады.
Талант Калыков: "80 пайыз телефондун баары Бириккен Араб Эмиратынан келет. Бул мыйзамды кабыл алганда тоскоолдук пайда болбойт", - дейт.