Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан балдар үйүнүн директору болуп Айзада Норузбаева дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Норузбаева 2-сентябрь күнү дайындалган.
Эскерте кетсек, 1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгондон кийин балдар үйүнүн директору Аскар Масылов убактылуу жумуштан четтетилген.