"Ош" аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунан чек ара кызматкерлеринин коррупциялык туруктуу каналы аныкталды

“Ош-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунан УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө “Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктунан УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталган.

"Тактап айтканда, аталган көзөмөл өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды. Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун УКМКнын Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-09-29 18:49:15
Бул бир эле четида. Негизи Чегара кызматына караштуу УПК, жана ОПК лар акча чогултуш үчүн эле түзүлгөндөй. Жумушка кирейин десең места жок, места болсо кеминде 2-3 миң $ беришиң керек. Негизи эле бул кызмат жүз пайыз коррупция менен иштейт.
+4
Katrina.
2021-09-29 18:50:01
Чет элдиктерден эле эмес кыргыздардан деле алат,мен лично 3 мин бергемин , доверенностто кызымын атын мягкий знак жок жазып койгон экен нотариус.Россияга келгенде эч ким сураган да эмес.Кымыз ,сары май, коньяк откоргонго болбойт бизге ташта дейт дагы уялбай, узатып келген иним кете элек экен эле,ошого кайра алып чыгып бергемин урушуп жатып.
+5
Katrina.
2021-09-29 18:51:13
Россияга жыргаганынан кетип жаткансып мамиле кылат ,эн чонун кармаш керек.
+5
Kari
2021-09-30 03:16:41
Загран паспорту жок экен деп мин сом алган уулумдан,17 жашта доверенность менен элек болбосо,ар нерсени баана кылып эптеп алышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан