Биз социалдык тармакта

Апта аягында кар жаайт. Агроном түшүм жыйнап бүтө элек дыйкандарга кандай кеңеш берет?

Өлкөдө 30-сентябрдан 4-октябрга чейин аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт деп Кыргызгидромет борборунан кабарлашкан. Буга байланыштуу агрономдон күзгү түшүмүн жыйнай элек жарандарга кандай кеңеш берерин сурап көрдүк.

Борбор Азия багбандар биримдигинин башчысы Абдулла Ташиев короодогу бардык түшүмдү жыйнап салуу керектигин айтты.

"Учурда дыйкандардын 99 пайызы түшүмдөрүн жыйнап бүтүшкөн. Жыйнай электерге жыйнагыла деген гана кеңеш бере алабыз. Жүгөрү, капусталар суукка калып калса эч нерсе болбойт. Алма бактарды бир үшүккө калтырса болот, пайдалуу да болот түшүнгөнгө", - деди Ташиев.

Ал эми бул шилтемеде мөмөлүү дарактардын гүлүн же жаңы түйгөн мөмөлөрүн үшүктөн сактоонун жолдору айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан