29-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 294 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."29-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 294 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 266 метр куб, агып чыгышы 181 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 15 миллиард 199 миллион метр куб суу бар болгон.