Бишкекте грэпплинг спорту боюнча Кыргыз өлкөсүнүн ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган спорт боюнча федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2-3-октябрда Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган турнир United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун эрежеси менен өтөт. Анда окуучу, кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор жана ардагер курактагы балбандардын эркектер жана кыз-келиндер категориясында таймаштар жүрөт.
"Чемпиондуктун жыйынтыгы боюнча 1-2-3-орундарды ээлеген спортчулар 2021-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн улуттук курама командага тандап алынат", - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, көрүүчүлөр жана күйөрмандар үчүн кирүү акысыз.