Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 29-сентябрь күнү саат 18:41де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Таш-Кыя айылдарында 3,5 балл, Кароол, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга жетип жана Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан