30-сентябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бишкек шаарында 30-сентябрга карата электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- 9:00дөн 18:00гө чейин Фучик көчөсүнүн кесилиши, Ленской, Кронштадской, Гагарин, Маликов (Народный дүкөнү), Ак-Ордо конушу (Каркыра, Биримдик, Ахунбаева, Кара-Булак, Гул-Ордо, Ак-Доолот көч-ү), Арча-Бешик конушу (Репин, Бах, Ахунбаев, Леваневского, Безымянная, Володайское көч-ү), Ак-Босого (Чүй көч, №№ 42-46 үйлөр);
- 9:00дөн 18:00гө чейин - Чоң-Арык айылы (Кожобергенов, Ямбургская, Луговая, Мусулманкулов, 50 лет Победы, Ульяновская, Дачная, Береговая көч-ү);
- 9:30дан 18:30га чейин — Токтоналиев көч №84 үй, Фирсов көчөсүнүн кесилиши, Элебесов, Төкөлдөш конушу (Октябрь көч.).
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.