"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын отканалары кышка 98 пайызга даяр. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү аяктоо алдында турат.
"Өткөн жумада башкы инженер баш болгон өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн, энергетика кызматкерлеринин катышуусу менен отканалардын абалын текшерип чыгышты. 66 откананын 98 пайызы жылуулук берүү мезгилине даяр", - деп жазылат мэриянын маалыматында.