Биз социалдык тармакта

Алайда Тоо театрларынын I фестивалы өтүүдө

Ош облусунун Алай районунда Алымбек Датканын 220, Курманжан Датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата республикалык "Тоо театрларынын I фестивалы" башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Т.Ажибаев атындагы музыкалык – драма театрынын базасында өтүүдө.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө аталган Тоо театрларынын фестивалы өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын баса белгилеп, салт катары мындан ары башка аймактарда да өткөрүү планы бар экендигине токтолду. Мындай достук мамилени бекемдөө жана профессионалдык театр искусствосун аймактарга жеткирүү учурдагы Маданият министрлигинин бирден-бир приоритеттүү багыты экендигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан