Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев андижандык шайлоочулар менен болгон жолугушууда коргоо министри Кабул Бердиевдин 2017-жылы кызматтан алынышынын себебин ачыктады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"Мен президент болгон жылы эле аскер бөлүгүнө барып, аскерлер менен сүйлөштүм. Эреже катары, аскерлер парашют менен машыгууну тез-тез өткөрүп турууга милдеттүү. Бирок мен жоокерден “өткөн жылы канча жолу парашют менен секирдиң?” деп сурасам, ал мага мындай деп жооп берди: “Жолдош башкы командачы, мен эч качан секирген эмесмин, анткени парашют жок. Бул уят", - деген президент.
Президент ошондой эле аскердик бөлүктө танкты башкарууну билбеген механикти көргөнүн айтты.
"Андан кийин мен коргоо министри Кабул Бердиевди кызматтан кетирдим", - деп кошумчалаган Мирзийоев.
Шавкат Мирзийоевдин айтымында, андан кийин Өзбекстан быйыл АРМИ-2021 мелдешинде 42 өлкөнүн армиясынын арасында 2-орунду ээлеген.