
Орусиянын президенти
Владимир Путин менен Түркиянын президенти
Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн лидерлери Сочи шаарында жолугушкан.
"Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү 3 саатка созулду. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, Сирия, Ливия, Ооганстан жана Закавказьедеги абал талкууланды.
Бул Путиндин обочолонуу режиминен соң алгачкы жолугушуусу болгон", - деп жазылат басылмалардын маалыматында.