Талибдер тажиктерге интернет аркылуу чабуул жасоого өтүштү

"Талибан" кыймылынын жетекчилери социалдык тармактарда Тажикстан тууралуу кезектеги терс билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, талибдердин өкүлү Инамулла Самангани Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун саясаты тууралуу оюн билдирген.

"Ал 27 жыл президент болду, дагы 6 жыл болот. Балким, ал андан кийин да президенттик кызматта кала берет. Шайлоого чейин өз өлкөсүндө бийликти колдогон 5 партияга уруксат берилген. Бул кадырлуу адам Ооганстанда шайлоону өткөрүү боюнча кеңештерин берет", - деп жазат радикал.

Буга чейин талибдер эки ирет Тажикстанды сындап келишкен. Талибдердин биринчи вице-премьер-министри Абдул-Гани Барадар аптанын башында "Тажикстан биздин иштерге кийлигишип жатат, ар бир иш үчүн каршылык бар", - деп айткан.

Андан кийин экинчи вице-премьер-министр Абдул-Салам Ханафи Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ооганстанда жаңы инклюзивдүү өкмөттү түзүү зарылдыгы тууралуу сөздөрүн айыптады. Ал Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү кеңеш кылып, антпесе ал сөзсүз түрдө реакцияга туш болорун эскерткен.

Маалымат үчүн:

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
-FREEDOM-
2021-09-30 10:38:55
Эмонуелдин олгусу келгенго
+7
Medina87
2021-09-30 10:41:04
КУДАЙга ТООБО!( Таба эмес Тообо!)
Бироого ор казба, озун тушуп калба деген Макал эн туура!
Мусулман болуп туруп ОРОЗОнун кунундо КРга жасаган Кыянатчылыгы учун КУДАЙ жазаларын берип жатабы деген ой келди))
+7
modem4999
2021-09-30 11:35:02
Тажикстан бизге алыс эмес таба кылбагыла
-3
Antiradikal3
2021-09-30 11:54:55
Тажиктерден кекти талибдер алып берет окшойт. Бийликте го "уйдо баатыр жоодо жоктор" отурат.
+8
ayzhan12
2021-09-30 12:19:42
Талибандар Кыргызстандагы ашынган динчил, дааватчыларга кызыгып жатышат окшойт.
-5
Mister-XXX
2021-09-30 12:37:36
ayzhan12,Төө десе бээ дейсиң да.Жашоодо бир позициян барбы?
+8
CAPATAH
2021-09-30 13:27:35
ayzhan12,ушу сени тапсам ,мынды кесип,туздап озуно жегизет элем .идараз
+2
Nurtoruk
2021-09-30 19:29:22
ayzhan12,сен анча эле крышан кетип калганбы же атайын адамдардын жинине тийесинби
+1
SHaidulda
2021-09-30 15:54:57
Кайра кайра тийишип тазиктердин тажатса эле кее кее де аткылап бизге кандай кылса ошондой кылып
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан