Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыгып, бут кийим оңдоочу жай, 17 күркө, 17 даана кийим тигүүчү машина күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрттүн кесепетинен идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 күркө, 17 тигүүчү машина, бут кийим оңдоочу жай, темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Ошондой эле эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы эриген. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метр.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, суу ташуучу унаа, штаб тартылып, таңкы саат 05:27де толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.