Депутат Карамат Орозова Баткенде чек ара чырынан жабыркаган үйлөрдүн курулушун тездетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткенде чек арадагы чырдан жабыркаган үйлөрдүн курулушу 5-октябрда бүтөт деп айтышкан. Аба ырайы суук болуп баратат. Тоолуу аймактарда кар жаайт деп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги канча чыгым экенин эсептеп чыккан. Бирок элде маалымат жок. Ал жерде жашоо уланат. Эл палаткада жашап кыйналып жатышат. Баткенге министрлер кабинетинин өкүлдөрү барып жатышат. Жакшы объектилерди эмес, жаман жерлерди дагы көрүп кеткиле. Авариялык мектептер бар", - деди Карамат Орозова.