Социалдык тармакта Түштүк Африкага келген туристтер топ пилдерден качкан видео тарады. Видеодо автоунаалар катар тизилип токтоп турганын, ал эми жолдон артка кетенчиктеп бара жаткан пилди четте турган туристтин телефонго тартып жатканын көрүүгө болот.
Бир нече көз ирмемде болуп кеткен коркунучтуу окуяга күбө болгон коопсуздук кызматкери Андре Шваб төмөндөгүлөрдү айткан.
"Аларга коопсуздук эрежелери эскертилди. Ошондой эле бардык туристтерге сейил бактын ичинде сак болууга, абайлап жүрүүгө кеңеш бердик. Бул аймакта байырлаган жаныбарлар баары бир жапайы, сак болуу керек", - деген ал.