Бишкекте терезелерин караңгылатып айдаган айдоочуларга эки саатта 82 миң 500 сом айып салынды

Эки сааттын ичинде кайгуул кызматкерлери тарабынан автоунаасынын терезелерин атайын караңгылатып айдаган 15 айдоочу аныкталып, аларга 82 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда шаарда унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган айдоочулар көбөйүп жаткандыгы байкалган. Бул көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын рейддик иш-чара өткөрүп, эки сааттын ичинде төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады:

- Автоунаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 15 ;

- Жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу - 1;

- Мас абалында автоунаа башкаруу - 1;

- Башка жол эрежелерин бузуу - 22.

Милициянын кайгуул кызматы мындай рейддик иш-чаралар дагы да болорун эскертип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан