Депутат: "Министрлер кабинети эмне иш кылды? Пиар кылат"

Депутат Айбек Осмонов министрлер кабинети казынаны толтурууну ишке ашыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыркы күндө биздин республикада көйгөйлүү маселелер көп. Ошонун баарына экономикабыз таасир берет да. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү бул багытта жакшы иштеш керек. Республикалык казынаны толтуруунун жолдорун, булактарын ойлонуп ишке ашырышы керек. Министрлер кабинетинин келгенине 6 ай болду. Кайсы жерге барса да өздөрүн пиар кылып жүрүшөт. Мындай болбойт. Биз көптөгөн маселе айтабыз, бирок каржы болбосо маселе чечилбейт. Министрлер кабинети эч нерсе ачкан жок. Артка тартып жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан