Биз социалдык тармакта

"Мал сойгондон кийин жуккан". Сузакта күйдүргү оорусуна шектелип 8 адам ооруканага түштү

Сузак районунда күйдүргү оорусуна шектүү 8 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциалар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

"25-сентябрда күйдүргү оорусуна шектелип Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы жалпы дарыгерлер борборуна 8 адам түштү. Төртөөнүн анализи чыкты. Калгандарыныкы 1-октябрда чыгат. Булар менен байланышта болгон адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Оору мал сойгондон кийин жуккан", - деп билдирди Кубанычбек Бектурдиев.

Эскерте кетсек, сентябрь айынын башында Аксы районунан күйдүргүгө шектелген 7 адам ооруканага кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан