Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
"Биз саясат, шайлоо деп коомчулукта болгон терс тенденцияга көңүл бурбай жатабыз. Мындай жол менен кете берсек биз караңгылыкка түшөбүз. Бишкектеги мектептерде бир класста балдардын саны 2, 3 эсеге көп, китеп жетишпейт, ижарага алам десе да таба алышпайт. Биз ушинтип бара берсек 10 жылдан кийин билимсиз жарандар көп болот. Кудай сактасын, 10 жылдан кийин билимсиз балдар жаман нерсеге ишенген болушса оор абалда болобуз. Президент, министрлер кабинетине кайрылат элем. Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл", - дейт ал.