Бишкекте 2-3-октябрда жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 50дөн ашуун спортчу катышат. 10 жаштан жогору балдарга, жаштарга жана чоңдорго (эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет.
"Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана ат спорту федерациясы уюштурууда. Чемпиондуктун ачылышы 2-октябрда саат 10:00дө Элебесов көчөсү №204а дарегинде болот", - деп жазылат маалыматта.