Депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраев алдамчылык боюнча дагы деле изделүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраев өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча дагы деле издөөдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи Данияр Ибраевге карата козголгон кылмыш иши жабыла электигин жана ал дагы деле тергелип жатканын белгиледи.

"Ибраев мамлекеттер аралык издөөдө. Иштин материалдары Башкы прокуратурага өткөрүп берилген", - дешти атайын кызматтан.

Эскерте кетсек, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматурасын берүү шылтоосу менен жети адамдын акчасын тартып алганын билдирген. Жалпы сумма 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн.

2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган. 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Данияр Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Ошол учурда издөөгө алынган Ибраевди Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tursunbaev1978
2021-09-30 12:54:03
2019 жылы кармалса,алиге чейин экстрадиция болгон жокпу
+1
Alishdaman
2021-09-30 15:39:45
София шаарында кармалган. Ошол учурда издөөгө алынган Ибраевди Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталган маалда Данияр Ибраев заматта кумга суу сиңген дей жок болгон азыркыга чейин дайыны жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан