Кечээ, 29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлады. Мындай маалымат коомдо кызуу талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтылууда. Алардын арасында мындай чечимге тикелей каршы болгондор дагы, туура түшүнгөндөрү дагы четтен чыкты.
"Кыргыз өлкөсүнө таш доору келе жатат".
"Түндүк Корея болот окшойбуз".
"Туура, ысырапкорчулук Кудайга жакпайт".
"Бакиевдин режими".
"Токтогул ГЭСи толгуча үнөмдөп жашаш керек".
"Түшүнүү менен карайлы, бул күндөр дагы өтүп кетет".
"Кышында электр жарыгы өчүп, үйдө караңгы болуп үшүп отурганча көчө караңгы болуп турсун. Бул жерде үнөмдөп колдонолу деген сунуш болуп жатат".
"Күлө турган нерсе. Атүгүл, 40 жылдык согуш болгон Ооганстандын дагы жарыгы өчкөн эмес".
"Кылмыштар көбөйөт".
"Мен туура кабыл алдым, өлкөнүн пайдасы үчүн".
"Айла жок эми жол чырактарды үнөмдөп баштадыңарбы? Анда жол кырсыктары көп болот. Ансыз деле жол чырактарды көрбөй кетип жатышат. Караңгыда кантип көрсүн?".
"Калп айтпагыла, биздин көчөдө эки жактуу жарык чырактары жок".
"Баягы караңгы Бишкек эми жарыктанып, шаарга окшоп келе жатканда кайра караңгыга айланат турбайбы. Биздин чоңдордун аң сезими караңгы экен. Шаардын борборундагы сейил бактардын жарыгын өчүрүп".
Ал эми кээ бир интернет колдонуучулары Бишкектин түндө тартылган сүрөттөрүн жүктөп, шаар эми убактылуу жарык болбой калышын айтышууда.
Энергетика жана өнөр-жай министрлигиндеги башкармалыктын башчысы Айбек Айдаралиев көчөлөрдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген.
"Көчөлөрдүн баары капкара болуп калбайт, электр жарыгы толук өчүрүлбөйт. Мисалы эки жагында тең прожекторлор коюлган көчөлөр бар. Ошонун бир тарабы гана өчүрүлөт, экинчи тараптагы прожекторлор деле жарык берип турат. Эки жактан тең жарык берип, жапжарык кылуунун эмне кажети бар. Имараттын сыртын кооздоп, өзүнө тартуу максатында коюлган түркүн жарык берүүчүлөрдү өчүрүп турсак... Туура түшүнсөк. Суу министрликтин эле байлыгы эмес. Бул жалпыбыздын байлыгыбыз. Бир эле сууну, электр жарыгын эмес, муктаждыктарыбызга пайдаланган нерселерди үнөмдөйлү", - дейт ал.
Ал эми "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Таалайбек Байгазиев "Биринчи радиого" берген маегинде энергетика тармагындагы көйгөйдүн алдын алуу үчүн ушул кадамдар жасалып жатканын айтып өткөн.
"Күндүз деле жарык чырактары күйгөн убактар көп болуп жатат. Кыргыз өлкөсү боюнча 1 жарым миллион колдонуучу бар.
Энергетиканын көйгөйү бул биздин жалпы журттун көйгөйү. Бирок муну көйгөйгө чейин жеткирбешибиз керек. Үнөмдөп пайдаланышыбыз зарыл.
Күндүз кафелер той башталганга чейин эле саат 17:00дө жанынан өтүп бара жатсаң жарык чырактары күйүп жаткан болот. Ал эми сейил бакта таң атканга чейин күйгүзүп эмне кереги бар? Акыл-эстүү киши саат 22:00гө чейин эле сейилдеши керек. Андан соң ашыкча жарыкты күйгүзүп эмне зарылчылыгы бар? Саат 23:00дөн кийин өчүрүп коюу керек", - деп билдирген Байгазиев