Америкалык ырчы Бритни Спирстин атасы камкорчу макамынан ажыратылды

Америкалык белгилүү ырчы Бритни Спирстин атасы Жеймс Спирс камкорчу макамынан ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, сот ырчынын атасын кызына болгон камкорчу макамынан ажыратты. Бул чечим расмий түрдө ноябрь айында күчүнө кирет. Эми ырчынын 59 миллион доллар деп бааланган байлыгын Бритни Спирстин жактоочулары сунуштаган бухгалтер көзөмөлдөйт.

Эскерте кетсек, буга чейин Бритни Спирс соттон атасын камкорчу макамынан ажыратууну суранганы жазылган.

Жеймс Спирс 13 жылдан бери кызынын жеке жашоосун, каржы жана карьерасын көзөмөлдөп келген. Ал анын камкорчусу болуп 2008-жылы нерв оорусу менен ооруканага түшкөндөн кийин дайындалган.

2020-жылы Лос-Анжелестин соту эки жолу - августта жана ноябрда Бритни Спирстин атасын камкорчу ролунан ажыратуу талабын канааттандырган эмес. Бул чечимге нааразы болуп, ырчы атасы анын иштери менен алектенип турганда концерттик ишин улантуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан