"Samsung" компаниясы күндөн кубат алуучу акылдуу саатты ойлоп тапты

"Samsung" компаниясы күндөн кубат алуучу акылдуу саатты ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, саат батареясынын патенти Америка Кошмо Штаттарынын Патенттик жана Соода маркасы Бюросу (USPTO) тарабынан чыгарылган. Анын сүрөттөмөсүнө ылайык, күн батареялары тагынуучу сааттын боосуна орнотулган. Бул компонент жарык энергиясын чогултуп, батареяга өткөрүп берет. Ошондой эле күн энергиясын үзгүлтүксүз жыйноо үчүн колдонулган кванттык чекиттүү полимерге негизделген.

Ойлоп табуучулар жаңы иштелип чыккан гаджеттин эффективдүү экенин жана автономдуу түрдө колдонулушуна мүмкүндүк берерин белгилешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан