Депутаттар Новосибирск, Томск, Кемеров облустарында жашаган кыргыздар менен жолугушту

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов Новосибирск, Томск, Кемеров облустарында жашаган кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талант Мамытов: "Кыргыз мамлекетинин экономикасына чет жерде иштеген мекендештерибиздин салымы чоң. Келечекте ар бир Кыргыз жарандарын өз жеринде эмгектенип, үй-бүлөсүнүн жанында жашоосун камсыздашыбыз керек. Бул биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Өлкөдө туруктуулук болуп, ири долбоорлорду ишке ашырууга жетише алсак, көздөгөн максаттарыбызга жетебиз", - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралардын маселелери боюнча атайын кеңеш түзүлгөнүн эске салган төрага: "Бүгүн биз сиздер менен миграция саясатындагы бардык көйгөйлөр боюнча баарлашып, кеңири талкуулашыбыз кажет. Жогорку Кеңеш ар бир айтылган маселеге көңүл буруп, алардын чечилишин өз көзөмөлүбүзгө алабыз", - деди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер тарабынан ар кыл көйгөйлөр көтөрүлдү.

Акча которуудагы чектөөлөр, бажыдагы тоскоолдуктар тууралуу сөз кылган Шайлообек Мурзабеков: "Балдарыбыз үчүн кыргыз тилдүү окутуу шарттарын көмөктөшсөңүздөр", - деген сунушун айтты.

Ушундай эле пикирге токтолгон Каныбек Акаев: "Чет жердеги мекендештерибиз эне тилин унутпашы үчүн кыргыз тилдеги тасмаларды, анын ичинен балдарга ылайыктуу көрсөтүүлөрдү тартууну колго алуу шарт", – деп кошумчалады.

Ал эми "Ак-Ниет" коомунун өкүлү Гүлбайра Сүйүналиева маданий окутуу мекемелеринин ачылышына колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде төрага айтылган маселелер өтө маанилүү экенин белгиледи. "Жогорку Кеңеш тиешелүү чараларды көрөт. Айрыкча балдарга эне тилин окутуу мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу колдойбуз. Бул жаатта атайын программа иштеп чыгууну караштырабыз", - деди.

Ошондой эле мекендештер кош жарандуулук, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, "кара тизмеден" чыгаруу, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, шайлоого тоскоолдуксуз катышуу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда чет жердеги мекендештерге колдоо көрсөтүп, мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөктөшкөн айрым Кыргыз жарандарына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusi79
2021-09-30 16:10:48
Шайлоонун астында ушинтип камкоор болуп эле анан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан