Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңеште пенсия чегерүүнүн механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Мыйзам долбоорунун автору депутат Аалы Карашев. Ал түзөтүүлөр мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө пенсиялардын баштапкы камсыздандыруу бөлүгүн дайындоону оптимизациялоо жана механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү, пенсиялык системаны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында киргизилип жатканын белгиледи.
“Долбоордун милдети 1996-жылга чейин СП1 пенсияларын дайындоо системасын жөнөкөйлөштүрүү, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү жана ыкчамдуулукту арттыруу менен пенсияларды дайындоодо калкка көрсөтүлө турган кызматты кыйла жакшыртуу болуп саналат”, - деди Карашев.
Депутат жарандар талап кылынган маалыматтарды жана маалымкаттарды эки-үч айлап жыйноого тийиш эмес экендигин белгиледи. "Пенсияларды дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн 1996-жылга чейинки камсыздандыруунун жалпы стажын документ талап кылбай эсептөө сунушталууда”, - деп кошумчалады депутат.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.