"Кайда болсом да футболго салым кошууну улантам". Канатбек Маматов Футбол союзунун президенттигинен кеткендигинин себебин айтты

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянуу менен Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматовдун отставкага кеткенин жазышкан. Бул кабарды Маматов SUPER.KG порталына ырастап, себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

"Ооба, кызматтан кетүү арызымды жаздым, анткени алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышам. Бирок кайда болсом да футболго салым кошууну улантам. Анткени өзүм футбол менен өсүп, футбол деп жүргөн адаммын", - деди ал. Бирок ал шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан катышарын же партия менен барарын ачыктаган жок.

Эске салсак, Канатбек Маматов аталган кызматка 2019-жылдын 9-февралында 4 жылдык мөөнөткө шайланган. Ушул эле жылдын июль айында Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитетинин чечими менен АФКнын социалдык жоопкерчилик комитетинин башкармалыгынын орун басары болуп бекитилген. АФКнын социалдык жоопкерчилик комитети - бул АФКдагы туруктуу комитет. Социалдык жоопкерчилик комитети АФКнын негизги жана маанилүү бөлүмдөрүнүн бири.

2019-жылы Канатбек Маматов АФКнын Аткаруучу комитетине дагы мүчө болуп шайланган. Маматов Футбол союзунун башчылыгынан кеткени менен аталган комитеттин мүчөсү болуп калат. Анда ал бул уюмга кирген 6 өлкөнүн кызыкчылыктарын көрсөтүп жана коргоп келет.

Ал Футбол союзунун президенттигине шайланганга чейин 3 жыл Кыргыз Республикасынын футбол федарациясынын вице-президенти кызматын аткарып келген.

Маматов Футбол союзунун башына келгенден кийин масштабдуу маселелердин бири - заманбап, эл аралык стандарттарга шайкеш келген футболдук аянтчасын куруу керектигин көтөрүп чыгып, аны чечүү үчүн ар тараптуу аракеттерди көрдү. "Бул абдан зарыл болсо да футболдук аянтча үчүн жер тилкеси бөлүнбөй жатканы өкүнүчтүү" дегени бар анын.

Ушул жылдын 16-сентябрында Кыргыз өлкөсү ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 3 сапка жогору көтөрүлүп, Казакстан менен Тажикстанды артка калтырган.

Айта кетсек, Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда, чет элдик футболдук клубдарда дагы ойноп келген. Ал Индия чемпиондугунда "HAL Бангалор" жана "ITI Бангалор" клубдарында күч сынашкан. Профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган соң ардагерлер арасындагы чемпиондуктарда күч сынашып, "Топ Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" командаларында ойногон. Маматовдун өмүр баянын бул шилтемеден окусаңыз болот.

Азырынча Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине ким келери белгисиз. Алдыда Маматовдун отставкага кетүүсү каралып, андан соң анын ордуна жаңы жетекчини шайлоо каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан