Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү шаар тургуну арыз менен кайрылып, ушул жылдын январь айында чала таанышы, анын ишенимине алдоо жолу менен кирип Лексус-570 үлгүсүндөгү 55 миң доллар турган унаасын бөлүп төлөө аркылуу алып, андан ары аны үчүнчү жаранга сатып жиберип, акча бербей жүргөнүн айтып кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алдамчылык фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, тергөөгө алып келинген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Кимде-ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо же башка маалыматтарды билгендер төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0705 16-23-75 жана 102.