Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун абалы дагы деле оор. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, азыр ал эсине келген, бирок абалы оор. Ага мамлекет тарабынан миллиондогон рубль каражат сарпталууда. Аны полиция кызматкерлери кайтарууда жана ал VIP палатада жатат.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган Тимур Бекмансуров аттуу студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.