УКМК мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган эки жаранды кармады

УКМК мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналдын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2 жараны кармалды.

Кармалган адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен, жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган. Азыркы учурда кармалган эки жаранга карата бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 миң сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан